Blog Image

Японтаануу институтунун студенттери Япониянын «Ребун» компаниясында (Хоккайдо) практикадан өтө алышат

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институту студенттердин практикалык базасын кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барууда, анткени теориялык билимдерди практикада бекемдөө жана окуп жаткан мамлекеттин эне тилинде сүйлөшүү жакшы натыйжаларды берип жатат.

Бүгүн институтка “Ребун” компаниясынын президенти Комацубара Ичиро мырза келип, Японтаануу институтунун кызматкерлери жана студенттери менен жолугушту. Иш сапардын жүрүшүндө институт менен компаниянын ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Япония тарабы “Ребун” ишканасынын ишмердүүлүгүнө токтолду. Компаниянын мейманкана бизнесиндеги иштерине кызыккан студенттер Японияда практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары боюнча суроолорун беришти.

“Ребун” компаниясы Хоккайдо аралында “Ребун”  мейманкана комплексине ээлик кылат. Хоккайдо Япониянын эң түндүк аралы жана анын вулкандары, ысык булактары (онсэн) жана тоо лыжа курорттору менен белгилүү.