Blog Image

Японтаануу институтунун студенттерине япон тамактарын жасоо боюнча мастер-класс уюштурулду

19-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун «Коомдук тамактануунун технологиясы» адистигинин студенттери үчүн япон тамактарын жасоо боюнча мастер-класс өттү. Мастер-классты Япониядагы ресторандар тармагынын көзөмөлдөө кызматынын директору, хиираги тамактарынын жаратуучусу Такахико Хираи өткөрдү. Анда студенттер аталган тамактардын даярдоо жол-жобосун үйрөнүп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Катышуучулар бул иш-чара алдыда Японияда стажировка өтө турган студенттерге пайдалуу тажрыйба болгонун баса белгилешти.