Ысык-Көл жергесинде КМУнун 80 жылдыгына жана Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган эл аралык ИПК өз ишин баштады
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институту жана Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулган КМУнун 80 жылдыгына жана Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган “Жаратылыш ресурстарын, социалдык-экономикалык процесстерди жана туризмди башкарууну өркүндөтүүнүн көйгөйлөрү” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция Чолпон-Ата шаарында өз ишин баштады.
Иш-чарага жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден 60тан ашуун илимпоздор катышууда. Алардын арасында Германия, Кытай, Корея, Россия Федерациясы жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн белгилүү окумуштуулары бар.
Эл аралык илимий-практикалык конференция Урал мамлекеттик тоо-кен университети, Россия Илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Экономика институту жана Кыргыз географиялык коому менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулушуна төмөнкү өнөктөштөр чоң салым кошту: “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы – GIZ”, Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC), Европа Биримдиги (EU), Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги (BMZ), GOPA AFC консалтинг компаниясы, Австриялык “Экохимал” (EcoHimal) мамлекеттик эмес уюму жана “Агенты перемен” аттуу мамлекеттик эмес уюм.