Blog Image

Ысык-Көлдө "Кыргыз деңизи" санаторийинин базасында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында "Ден соолук 2023" спартакиадасы өтүп жатат

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынан волейбол боюнча курама командасы 2023-жылдын 21-27-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгиндеги "Кыргыз деңизи" санаторийинин базасында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында өтүп жаткан "Ден соолук 2023" спартакиадасына катышууда .

Волейбол боюнча аялдар жана эркектер арасында 40 жашка чейин жана 40 жаштан жогору категорияларында оюндар өтүп жатат.

Анда, 40+ эркектер Б тайпасында И.Арабаев атындагы КМУ Ош мамлекеттик университети, Талас району, Тон району командалары менен таймашып, жакшы оюн корсотуп жатышат.

40 жашка чейинки тайпасында биздин университетин командасы Баткен мамлекеттик университети, Баткен облусу, Жалал-Абад облусунун командалары менен кездешип, мыкты оюн көргөзүп, жеңиш менен келе жатышат.

40+ аялдар категориясында И.Арабаев атындагы КМУ Нарын облусу, ОшТУ командалары менен беттешүүлөрү ийгиликтүү болууда.

40 жашка чейинки аялдар тайпасында окуу жайыбыздын командасы Чуй облусу, Ош облусу, ОшМПУ курама командалары менен күч сынашты.

Бардык командаларда жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Республикалык агартуучулардын “Ден соолук 2023” спартакиадасынын катышуучуларына ийгилик каалайбыз!

Таймаш уланууда...