Blog Image

Ысык-Көлдө "Кыргыз деңизи" санаторийинин базасында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында "Ден соолук 2023" спартакиадасы өтүп жатат

И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынан волейбол боюнча курама командасы 2023-жылдын 21-27-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгиндеги "Кыргыз деңизи" санаторийинин базасында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында өтүп жаткан "Ден соолук 2023" спартакиадасына катышууда.
Волейбол боюнча аялдар жана эркектер арасында 40 жашка чейин жана 40 жаштан жогору категорияларында оюндар өтүп жатат.
Анда, эркектер арасында 40 жашка чейинки тайпасында биздин университеттин командасы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы менен кездешип, мыкты оюн көргөзүп, жеңишке жетишти.