Blog Image

Ысык-Көлдө ТСУББИ Конрад Аденауэр Фонду менен биргеликте эл аралык конференция өткөрдү

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту Конрад Аденауэр Фонду менен биргеликте «Россия жана Борбордук Азия. Украинадагы согуш башталгандан кийинки тарых үчүн чакырыктар» аталышында эл аралык конференциясын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстан, Германия, Албания, Өзбекстандын белгилүү окумуштуулары, тарыхчылар: т.и.д., профессор Алишер Сабиров, доктор Томанс Кунце, т.и.д., профессор Чолпон Койчуманова, т.и.д., көз карандысыз эксперт Ровшан Абдуллаев ж.б. катышты.

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова Конрад Аденауэр Фондунун Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Андре Альгермиссен мырзага иш-чараны өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, андан ары кызматташуу достук маанайда улантуу боюнча ишеним билдирди.