Blog Image

«Өз стартапыңды түз»

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда старт-ап долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 28-февралында «Өз стартапыңды түз» бизнес оюну болуп өттү.
Оюнга орто кесиптик билим берүүнүн студенттери, атап айтканда, И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжинин, Бишкек мамлекеттик университетинин колледжинин, М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин, Кара-Балта «Абай» гуманитардык-экономикалык колледжинин, Кыргыз улуттук университетинин кесиптик колледжинин студенттери тартылды.

Чүчү кулактын жыйынтыгында бардык жарыяланган колледждердин өкүлдөрүнөн турган катышуучу командалардын курамы аныкталды.
Бизнес-оюндун негизги максаты: ички рынокто бизнес-идеяны (товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүү болгон.
Бизнес-оюндун жүрүшүндө командалар өздөрүнүн стартап долбоорун түзүү, аны андан ары жылдыруу, товардын позициясын аныктоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээлин аныктоо, ошондой эле сатуу жана суроо-талап боюнча иштешти. Оюн төрт этап-кадамдар турган, мында акыркы максат компанияңыздын жана продукцияңыздын презентациясы болгон.

Алдыга коюлган максатка жетүү жана тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн ар бир командага машыктыруучу бекитилип, модераторлор иштиктүү оюндун жүрүшүндө тартипти сактап, пайда болгон маселелерге ыкчам чара көрүштү.
Экономика жана менеджмент институтунун студенттери машыктыруучу жана модератор болуп, уюштуруучулук жана лидерлик жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Эң мыкты команданы катышуучулар өзүлөрү калыстар тобу-эксперттер менен биргеликте баллдык баракчаларга добуш берүү аркылуу аныкташты.
“Өз стартапыңды түз” бизнес-оюнунун жыйынтыгы боюнча бардык катышуучулар өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүн, креативдүү ой жүгүртүүсүн көрсөтүп, командада иштөөнүн баалуу ыкмаларына ээ болуп, лидерлик жөндөмдөрүн бекемдегени белгиленди.

Бардык катышуучуларга сертификаттар, бизнес-оюндун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Бизнес-оюн атаандаштык шартында жана чыгармачылык кырдаалда жогорку деңгээлде өттү.
Максаттарыңызга жетүүдөгү туруктуулукту жана кандай кырдаал болбосун – оптимизмди каалайбыз!