“Заманбап дүйнө: Борбордук Азия жана Чоң Алтай аймактарындагы туруктуулук жана коопсуздук” эл аралык форумунда доцент Гүлзада Абдалиева Гран-при менен сыйланды
22-сентябрда Алтай мамлекеттик университетинде өткөн “Заманбап дүйнө: Борбордук Азия жана Чоң Алтай аймактарындагы туруктуулук жана коопсуздук” аттуу эл аралык илимий-практикалык форумда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдалиева Гүлзада Кошоевна катышты.
Сынакка Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын илимий чөйрөлөрүнүн 58 өкүлү катышты.
Сынактын лауреаты Гүлзада Абдалиеванын “Алтайдан Чыгыш Түркстанга жана Теңир-Тоого чейинки кыргыздардын этногенетикалык, этномаданий жана миграциялык процесстери (КЭРде жашаган Фуюй жана Тарбагатай кыргыздарына болгон этнографиялык экспедициялардын негизинде)” аттуу илимий эмгеги Гран-при менен сыйланды.
Ошондой эле, Гүлзада Абдалиева «Улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелер, эл аралык миграция жана Борбордук Азия жана Чоң Алтай өлкөлөрүнүн чек ара мейкиндигинде коопсуздук» бөлүмүндө «Мугалим-изилдөөчү» номинациясында “Жарандык-саясий ишмердүүлүк: Борбордук Азиянын жана Чоң Алтайдын аймактарындагы этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер” илимий иштеринин жана социалдык маанилүү долбоорлордун сынагынын лауреатынын диплому менен сыйланды.
Университеттин жалпы жамаатынын атынан Гүлзада Кошоевнаны куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!