Blog Image

Жаӊы маалыматтык технология институтунун алдыӊкы студенттери жана окутуучулары КРнын Жогорку Кеӊешине экскурсияга барышты

27-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Жаӊы маалыматтык технология институтунун алдыӊкы студенттери жана Студенттик парламенти, окутуучулары А.Бузурманкулова, К.Мухидин уулу жана Т.Ниязбековдор бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине экскурсияга барышты. 
Студенттер КРнын ЖКнын парламенттик сессиясына катышуу мүмкүнчүлүгү болуп, андан тышкары имараттын архитектурасы тууралу, Кыргызстандын парламентинин ишмердүүлүгу боюнча маалымат алышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Марлен Маматалиев студенттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.