Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси уюштурулду

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси уюштурулду. Жолугушуу кечеге 2002-2024-жылдарында “Информатика жана эсептөө техникасы” жана “Колдонмо информатика” адистиктеринин 14 жылдык бүтүрүүчүлөрү жана 2002-жылдары институт кылып түптөөгө зор салымын кошкон Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти Райымбек Султанов, И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы Болотбек Бийбосунов жана ЖМТИнин директору Улан Керимов, ошондой эле, институттун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр учурдагы институттун жетишкендиктери менен таанышты.