Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Нооруз майрамы белгиленди

20-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Нооруз майрамы белгиленди.  Ага Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты, спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, университеттин профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек, ЖМТИнин директору Улан Керимов, Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров, ЖМТИнин профсоюзунун төрайымы Максат Садырова, ФМФнин тарбия иштери боюнча координатору Бермет Көчөрбаева катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө, улуттук маданиятты, үрп адаты, каада салтты боюнча көргөзмө уюштурулуп, студенттер арасында ар улуттун маданиятын чагылдырган конкурс өттү. Студенттердин таланты калыстар тобу тарабынан татыктуу бааланып, институттун ыраазылык каты жана сертификаттар менен сыйланды.