Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 2-курсунун студенттери « I o T в сельском хозяйстве» сынагында II орунду ээледи

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 2-курсунун программдык инженерия багытынын студенттери Т.Эсеналиев, Д.Бийбосунов жана Ж.Бакытбек уулу 6-8 декабрь күндөрү И.Раззаков атындагы КМТУ уюштурган MAKE-A-THON 2023 FABLAB BISHKEK «I o T в сельском хозяйстве» аталышында конкурска катышты.
Сынактын шарттары боюнча катышуучулар өз идеяларын ишке ашыруу үчүн ат салышып айыл чарба дрондорун, өзү жүрүүчү тракторлорду, сугаттын автоматташтырылган системаларын, температура датчиктерин ж.б. жумушчу прототибин түзүү үчүн талыкпай изденип эмгектенүүсү каралган.
Биздин университеттин студенттери сынактын жыйынтыгы менен байгелүү II орун жана $700 акчалай сыйлыгына ээ болушту.
Т.Эсеналиев, Д.Бийбосунов жана Ж.Бакытбек уулу менен сыймыктанабыз жана аларга окууда жана изденүүлөрүндө ийгиликтерди каалайбыз!