Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын ZOOM, MEET программаларынын жардамында көзөмөлдөө жүргүздү

И. Арабаев атындагы Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары off-line жана on-line форматында 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын on-line форматында студенттердин сабактарына катышып жана анализ берүү көзөмөлдө (ZOOM, MEET программаларынын жардамында) жүргүздү.
Практика учурунда студенттердин ачык сабактарына методисттер ар кандай форматта катышып, өтүлгөн сабактарга анализ жүргүзүп, методикалык жактан жардам көрсөтүшөт. On-line форматында студенттер бөлүнгөн мектептеги практиканттардын сабагына катышпастан, башка мектептеги практиканттардын сабактарына катышууга мүмкүнчүлүк алышат жана бири-бирине анализ жүргүзгөндү үйрөнүшөт.
Ошондо, ФМО-15-20 группасынын студенттери: Элниса Конурбаеванын - «MSWord программасында графикалык маалыматтар менен иштөө» темасын бышыктоо сабагы 5-класс (on-line); ОшМПУдан академиялык мобилдүүлүк боюнча келген ФМО-И-15-20 группасынын студенти Наргиза Бугубай кызынын - «Массивдер» 11-класс (on-line); Элина Элдиярованын - «Графический редактор Paint» 5-класс (off-line); Аделя Жумабаеванын - «Передача информации» 6-класс (off -line) ачык сабактарына катышып, анализ берилди. 
Бул иш-чаранын максаты: студенттердин практика учурунда иш-аракетин көзөмөлдөө; коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү; өтүлгөн сабактарына анализ берүү жана практиканттарга жардам берүү.
Анда, И. Арабаев атындагы КМУнун практика жетекчиси Н.Баястанов, ИНИТтин практика жетекчиси А.А. Бузурманкулова, Гуманитардык-педагогикалык колледждин администрациясы, методисттер катышты.