Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенти Исламидин Матазимов АРАШИ ММА дүйнө чемпиону болду

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Исламидин Матазимов WORLD ARASHI MMA CHAMPIONSHIPS 2023 оюндарынын дүйнө чемпиону болду. 
Исламидин Матазимовду куттуктайбыз жана сыймыктанабыз!
Белгилей кетсек, АРАШИ ММА – эң новатордук спорттун бири, аралаш мушташ өнөрү. Анда мушташуунун көптөгөн ыкмалары жана элементтери камтылган. ARASHI MMA 嵐 [араши] япон тилинен которгондо "бороон" дегенди билдирет.