Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери “Аялзат-аалам ажары” аталышындагы сүрөт көргөзмөгө катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун тарбия иштери боюнча координатору жана студенттери, Улуттук тарых музейи жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму менен биргеликте уюштурган “Аялзат-аалам ажары” аталышындагы сүрөт көргөзмөгө катышты. Сүрөт көргөзмө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата, Динара Жумабаеванын чыгармачылыгынын негизинде уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө, студенттер сүрөт искусствосу боюнча кенен маалымат алышты.