Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери Улуттук тарых музейине барышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери Улуттук тарых музейинде, Иран мамлекетинин маданият күндөрүнө карата өтүп жаткан көргөзмөгө катышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө, окутуучулар Эдил Руслан уулу жана Айсулуу Жумаева Иран мамлекетинин маданияты жана  кол өнөрчүлүгү тууралуу студенттерге кенен маалымат беришти. Студенттер кызыккан суроолорун берип, маалыматтарга ээ болушту.