Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери “Жаа атуу” боюнча уюштурулган көргөзмөгө катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 2-курсунун студенттери Улуттук тарых музейинде “Жаа атуу” боюнча уюштурулган көргөзмөгө жана мастер-класска катышып келишти. Иш-чаранын алкагында студенттер спорт оюндарынын тарыхы менен таанышты. “Жаа атуу” боюнча өткөн иш-чарага, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Сейтказиева, ЖМТИнин тарбия иштери боюнча координатору Т.Ниязбеков жана студенттер барышты.