Blog Image

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттеринин практикалык отчеттук конференциясы өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттеринин өндүрүштүк практикалык отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга университеттин практика жетекчиси Н. Баястанов, ЖМТИнин директору У. Керимов, директордун орун басары К. Ачекеев, институттун практика жетекчиси А. Бузурманкулова, Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн практика жетекчиси Н.Осмонова жана практика жетекчилери катышты. Студенттер өндүрүштүк практиканы МТИ лаботаториясында, профессор А. Молдокулов атындагы №5 УИТМЛде, Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүндө, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында, Сузак райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө, КРнын ӨКМ министирлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматында, КРнын айыл-чарба министрлигинде, Ж.Абдрахманов атындагы КРнын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында жана башка мекемелерде өндүрүштүк практикасын өтөштү.