Blog Image

Жаңы жылдык чырак DIY 

8-февраль күнү Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун (ДТЭМИ) Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын кытай тили окутуучусу Лю Чи Кёнг кытай элинин жылнамаасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү Жаңы жыл майрамына карата  “Жаңы жылдык чырак DIY” («Do it Yourself» - “өзүң кыл”)  аталышында 1-курстун студенттери менен иш-чара өттү. Анда, кытай элинин Жаңы жылды тосуу боюнча кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү. 
Лю Чи Кёнг кытай элинин “Кытай асман чырагынын” кандай маанини түшүндүрө тургандыгы жөнүндө маалымат берип, аны студенттер менен биргеликте жасап, кол өнөрчүлүгүн көргөзүштү.
Кытай асман чырагы бул эзелтеден кытай маданиятынын жана каада-салттарынын бир бөлүгү болуп келген. Алар ошондой эле “асман чырактары” же “учуучу чырактар” деп аталат жана ийгилик, үмүт, тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү билдирет.
Иш-чарага Ш. Кадырова атындагы ДТЭМИнин директору, филология илимдеринин доктору, профессор Н.К.Сартбекова, кафедра башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент  Г.О.Ибраимова жана кафедранын окутуучулары катышты.