Blog Image

Эразмус+ эл аралык долбоорунун башталгыч жыйыны өттү

Бүгүн КРнын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Эразмус+ эл аралык долбоорунун башталгыч жыйыны өттү. Жыйында “Климатка туруктуулукту жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүнү колдоо үчүн Борбордук Азиянын суу сектору үчүн адамдык потенциалды өнүктүрүү, тынчтык жана коопсуздук» (HWCA) аталышында бардык өнөктөш университеттердин презентациялары сунушталып, долбоорду ишке ашыруунун негизги максаттары жана пландары каралып, уюштуруу маселелери талкууланды. Эки күнгө созулган иш-чарага Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева катышууда. 
Белгилей кетсек, башталгыч жыйынга Кыргызстандагы дипкорпус, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 16 өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышууда.