«Жалпы билим берүү уюмдарынын илимий жетекчилеринин институтун өнүктүрүү» форуму
2022-12-07
7-декабрда Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо “Жалпы билим берүү уюмдарынын илимий жетекчилеринин институтун өнүктүрүү” форуму болуп өттү.
Форумга төмөнкүлөр катышты: Керимбаева Р.Т. – КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агентствосунун директору; Мамбетакунов У.Э. – КРнын Билим берүү жана илим министри, Чыныбаев М.К. – И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, Усукеев Э.Ж. – Е.Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору – Кадыралиев А.Т., И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Бейшенова А.Т. ж.б.
Форумда жогорку кесиптик билим берүүнү трансформациялоо маселелери каралды. Катышуучулар жогорку билим берүүнү трансформациялоо боюнча ишмердүүлүктүн эң маанилүү багыттарын белгилешти:
1. Бул рынокто талап кылынган билим берүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу.
2. Коомдун глобалдуу талабына жооп берген илимий изилдөөлөрдү уюштуруу.
3. Таланттуу жана мотивациялуу магистранттарды, аспиранттарды жана докторанттарды тартуу.
4. Университеттин квалификациялуу кадрларын тартуу жана өнүктүрүү, профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу.
Форумда социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошуу: Билим берүү, Изилдөө жана Инновациялар аркылуу интеграцияланышы мүмкүн экендигин белгиледи.