Blog Image

Жалпы тарых жана СЭУББ кафедрасында Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн улуу негиздөөчүлөрү» аттуу студенттик иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жалпы тарых жана СЭУББ кафедрасында 7-8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн улуу негиздөөчүлөрү» аталышында студенттик иш-чара өттү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбековдор жөнүндө 2-4-курстарынын студенттери Сталбек Бекболотов, Амангелди Медетов, Бекмырза Жаныбек уулу, Замирбек Урматбеков, Ширин Алмазбек кызы баяндама жасашты.