Blog Image

“Жашыл экономика” боюнча тренинг жыйынтыкталды

15-18-май күндөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин География, экология жана туризм факультетинде Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын окутуучуларына  “Жашыл экономика” боюнча тренинг өттү. Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Немис консалтинг фирмасы (AFC) менен биргеликте уюштурулган. Ага 15 университеттен 32 окутуучу активдүү катышты. Тренинг Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) алкагындагы  “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан каржыланган.