Blog Image

«Жашыл экономика жана жеке секторду өнүктүрүү»

2022-11-29

28-ноябрда улуу агартуучу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата Кыргызстан-Германия кызматташтыгы жана AFG уюмдарынын жардамы менен «Жашыл экономика жана жеке секторду өнүктүрүү» долбоорунун алкагында география, экология жана туризм факультетинде окуган 1-4-курстардын студенттери жана окутуучулары үчүн илимий-методикалык семинар уюштурулду. Семинарды AFG уюмунун жетекчиси Торстен Свобода жана кафедранын доценти Гүлназ Жалилова өткөрдү.