Blog Image

Жайкы лагерь "Энактас - 2023"

27-августта Ишеналы Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин "Энактас" студенттик командасы жайкы лагерге сапарга чыгышты. Үч күндүк лагерде тынымсыз окутуулар өтүлүп, 2023-2024 окуу жылына иш-пландар каралат. Ошондой эле командалар ортосунда баарлашуулар болуп, ар тармактуу таймаштар өтөт.
Жайкы лагерди коомдук бирикме “Энактас Кыргызстан” уюштуруп жана жолдомону Улуттук таймашка катышкан командалар алышты. 
Университеттин Энактас командасына ийгилик каалайбыз! 

Жайкы лагерь Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Талисман Village" пансионатында өтөт.