Blog Image

ЖМТИнин 3-курсунун студенттерине “Окурмен” окуу борборунун тренери «IT-ааламы» темасында конок-лекция өттү

13-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенттерине “Окурмен” окуу борборунун тренери Кутман Акунов «IT-ааламы» темасында конок-лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө, IT тармагы кантип өнүгүп жаткандыгы боюнча сөз кылып, азыркы учурда кайсы программалар маанилүү экендигин баса белгиледи. Тагыраак айтканда, Frontend, Backend, Java боюнча суроо талап жогору болуп жаткандыгы тууралуу кененирээк маалымат берди.