Blog Image

ЖМТИ «Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аталышында илимий-практикалык конференцияга катышты

10-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институту (ЖМТИ) эл аралык илим күнүнө карата Ж.Баласагын атындагы КУУда өткөн конференцияга катышты. 
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын илимий-техникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомго жарыялай турган көргөзмө жана «Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аталышында илимий-практикалык конференцияда ЖМТИ маалыматтык технологиялар багытындагы баардык жетишкендиктерин көргөзүп, ийгиликтүү катышты.