Blog Image

ЖМТИ ОКББ 1-курсунун студенттери М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине барышты

16-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаӊы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейине экскурсияга барышты.
Студенттер Михаил Васильевич Фрунзенин өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар менен жакындан таанышып, так жана толук маалымат алышты.
Аталган иш-чара Жаӊы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун куратору Баян Токтомуш уулу, тарбия иштери боюнча координатору Талгарбек Ниязбеков жана бөлүм башчысы Назгүл Сейтказиеванын жетекчилигинде өттү.