Blog Image

ЖМТИде «Мектеп менен жогорку окуу жайдын байланышы: билим берүүнүн сапатынын жогорулатуунун шарттарынын бири» аталышында тегерек стол өттү

Бүгүн, 23-ноябрда, И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда «Мектеп менен жогорку окуу жайдын байланышы: билим берүүнүн сапатынын жогорулатуунун шарттарынын бири» аталышында тегерек стол жана 4-курстардын жыйынтыктоочу конференциясы өттү. 
Тегерек столдун жүрүшүндө кесиптик-профилдик практиканын отчету угулду. «Мектеп менен жогорку окуу жайдын байланышы:  билим берүүнүн сапатынын жогорулатуунун шарттарынын бири» деген темада мектептин өкүлдөрү менен маектешүү болду. 
Студенттер практиканын жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришти. Мектептин өкүлдөрү менен мектеп менен ЖОЖ ортосундагы байланыш жөнүндө талкуу жана баарлашуу болду.
И.Арабаев атындагы КМУнун практика жетекчиси Нурпайыс Баястанов жана ЖМТИнин директору Улан Керимовдор 4-курстун студенттеринин отчету боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирди.
Конференцияны ЖМТИнин практика жетекчиси Айгуль Бузурманкулова алып барды.
Конференцияга ЖМТИнин администрациясы, студенттер катышты.