Blog Image

ЖМТИнин 3-курсунун студенттерине А.Молдокулов атындагы УИТМЛнын методика иштери боюнча директорунун орун басары М.Асанова семинар өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун ФМО-И-15-21 группасынын студенттерине профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин методика иштери боюнча директорунун орун басары Мелискан Асанова жаңы “5е” ыкмасы боюнча семинар өттү. Студенттер менен практикалык (лабораториялык) иштерди аткарууда мугалимдер салттуу окутуу методдорунан өтүп, студенттерди өз алдынча издөөгө жана маалыматты изилдөөгө багытташат. Мунун негизинде, изилдөөнүн максаты предметтин практикалык сабактарында “5е” окутуу модели боюнча иштелип чыккан материалдардын окуучулардын билимине тийгизген таасирин изилдөө болуп саналат. Азыркы учурда жаңы ыкманы колдонуу жеңил экенин студенттер белгилешти.