Blog Image

ЖМТИнин III курсунун студенти И.Матазимов "WORLD ARASHI MMA CHAMPIONSHIPS 2024" дүйнө чемпиону

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева "WORLD ARASHI MMA CHAMPIONSHIPS 2024" дүйнө чемпиону Исламидин Матазимовду кабыл алды.

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн III курсунун студенти Исламидин Матазимов “Uzbekistan prof Unifighting championship MMA 2024” эл аралык чемпионатында биринчи орунду ээледи. Буга чейин категория боюнча 2023-жылы Ташкент шаарында өткөн мелдештин чемпиону болгон.

КМУнун ректору И.Матазимовду жеңиши менен куттуктап, алдыда дагы көптөгөн жетишкендиктерди каалап кетти.

Биз Исламидин Матазимов менен сыймыктанабыз жана ага бекем ден соолук каалайбыз.