Blog Image

ЖМТИнин III курсунун студенттерине өндүрүштүк практика алдындагы практиканы уюштуруу конференциясы өттү 

26-январь күнү Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун III курсунун студенттерине өндүрүштүк практика алдындагы практиканы уюштуруу конференциясы өттү. Институттун практика жетекчиси, ага окутуучу А.А. Бузурманкулова практиканын максаты, ролу жана милдеттери жөнүндө маалымат берди.  ЖМТИнин директору, доценттин м.а. У.Т.Керимов, директордун орун басары К.С.Ачекеев, кафедрадан өндүрүштүк практиканын жетекчилери практиканттарга ийгилик каалашты. Студенттер КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, КР ӨКМ министрлигине караштуу гидрометеорологиялык кызматы, КР айыл-чарба министрлиги, Ж.Абдрахманов атындагы КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, ОАО "РСК " компаниясы, Motion Web IT academy жана башка IT-адистикке тиешелүү мекемелерге бизден алган теориялык билимдерин практика жүзүндө ишке ашырып, тажрыйба алууга кетишти.