Blog Image

ЖМТИнин ОКББнын 1-курсунун студенттерине Дүйнөлүк илим күнүнө карата куратордук саат Кыргыз улуттук китепканасында болуп өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаӊы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттерине куратор Б.Ж. Токтотемирова жана тарбия иштери боюнча координатор Т.К.Ниязбеков Дүйнөлүк илим күнүнө карата А.Осмонов атындагы улуттук китепканасында куратордук саат өтүштү.
Студенттер кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, таланттуу акын, классик Алыкул Осмоновдун ырлары азыркыга чейин таасирин, касиетин жоготпогону тууралуу маалымат алышты. 
Ошондой эле, Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанылган белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдык мааракесине карата улуттук китепканада уюштурулган көргөзмө менен таанышышты.