Blog Image

ЖМТИнин студенти Гүлзар Нарбаева өзүнүн ырлар жыйнагы үчүн автордук укук алды

И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борбору студенттердин чыгармачылык аракеттерин колдоого багытталган жаңы демилгесин жарыялады. Стартап борборунун ар бир катышуучусу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги аркылуу өзүнүн интеллектуалдык чыгармачылыгын коргоого алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Стартап борборунун активдүү мүчөсү жана ЖМТИнин 1-курсунун студенти Гүлзар Нарбаева өзүнүн ырлар жыйнагы үчүн расмий автордук укук алууга жетишти.