Blog Image

ЖМТИнин студенттерине А.Молдокулов атындагы УКГнын мугалими Ч.Асаналиева «Программалоо тили» боюнча ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун ФМО-И-15-21 тайпасынын информатика профилинин студенттерине профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин информатика мугалими Чолпон Асаналиева «Программалоо тили» боюнча ачык сабак өттү. Ачык сабактын негизги максаты – ЖОЖ жана мектептин ортосундагы байланыштарды бекемдөө, методикалык тажрыйба алмашуу, биргеликте иш алып барууну күчөтүү жана болочок мугалимдерге мотивация берүү.