Blog Image

ЖМТИнин өздүк стилинин дизайнын түзүү сынагы өттү

8-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маатыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү «И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун өздүк стилинин дизайнын түзүү» сынагын өткөрдү.

Сынак ЖМТИнин заманбап, оригиналдуу, оңой таанылган дизайнын иштеп чыгуу максатында өттү. Сынактын жүрүшүндө студенттердин кесиптик иш-аракеттеринде көндүмдөрүн көрсөтүү; окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана ишке ашыруу; окуучунун позитивдүү имиджин калыптандыруу милдеттери каралды.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, “Мелон Про” ЖЧКнын директору Жоломан Кубанычбек уулу, ЖМТИнин окутуучулары жана ОКББ бөлүмүнүн студенттери катышты.