Blog Image

“Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы демилгелерди илгерилетүү механизмдери” аттуу кереге кеңеш

2022-12-07

Бүгүн, 7-декабрда КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жана Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан “Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы демилгелерди илгерилетүү механизмдери” аталышында кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш чараны университеттин ректору Айгүл Абдраева өзүнүн “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетикоррупцияга каршы” аталышында баяндамасы менен ачып берди.

Ошондой эле, Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Рапия Исаева, Билим берүү программаларынын сапаты жана окуу усулдук ишмердүүлүктү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Досаалы Иманбердиев жана Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаровдор теманын алкагында баяндамаларды жасашты.

Кереге кеңештин жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.