Blog Image

Жогорку окуу жайлардын жаштар саясатын өнүктүрүүгө багыталган координациялык кеңеш түзүлдү

2022-11-02

1-ноябрда Бишкек шаарында жогорку окуу жайлардын жаштар саясатын өнүктүрүүгө багыталган координациялык кеңеш түзүлдү.

Кеңешке Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Билим берүү жана илим министринин 

орун басары Расул Абазбек уулу жана жогорку окуу жайлардын проректорлору катышты.

Аталган жыйында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы окуу жайдагы жаштар саясаты жаатында 

аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жаштар ишин жакшыртууда жогорку окуу жайлардын ролу чоң экендигин баса белгилеп, жыйынга катышып жаткан ЖОЖдордун өкүлдөрүн 

натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Өлкөдөгү жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн координациялык кеңештин аткара турчу иш-чаралардын планы талкууланды. Кеңештин негизги максаты кыргыз мамлекетинде жаштар саясатын ишке ашыруу, жаштардын бар мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана дараметтерин көтөрүү экендиги белгиленди.