Blog Image

ЖОЖдор арасындагы волейбол боюнча мелдеште И.Арабаев атындагы КМУ 1-орунду ээледи

ЖОЖдор арасындагы волейбол боюнча мелдеште И.Арабаев атындагы КМУ 1-орунду ээледи
14-17-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын арасында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Григорий Баляндын 95 жылдыгына жана КР эмгек сиңирген экономисти, Венгриянын КРдагы ардактуу башкы консулу, т.и.к., КУАУнун ардактуу профессору Генрих Баляндын 70 жылдыгына арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. 
Мелдешке К.И.Скрябин атындагы КУАУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Эл аралык Кувейт университети жана Б.Турусбеков атындагы КМДТжСА катышты.
Мелдештин жыйынтыгында төмөндөгүдөй эсеп менен И.Арабаев атындагы КМУнун волейбол боюнча курама командасы 1-орунду ээледи.
И.Арабаев атындагы КМУ 3-0 Кувейт Эл аралык университети;
И.Арабаев атындагы КМУ 3-0 Ж.Баласагын атындагы КУУ;
И.Арабаев атындагы КМУ 3-1 Б.Турусбеков атындагы КМДТжСА;
И.Арабаев атындагы КМУ 3-2 К.И.Скрябин атындагы КУАУ.