Blog Image

"Журналисттик иликтөө" колдонмо китебинин жана “Илимий изилдөө усулдары" китебинин бет ачары

Бүгүн Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Журналистика кафедрасында тегерек стол өткөрүлдү.

Анда КР Журналисттер коммуникаторлор ассоциациясынын президенти Элира Турдубаеванын "Журналисттик иликтөө" колдонмо китебинин жана “Илимий изилдөө усулдары" китебинин бет ачары болду.

Журналистика кафедрасынын окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда өткөн иш-чарада Элира Турдубаева “Технология өнүккөн доордогу журналистика” деген темада лекциясын тартуулады. Иш-чара, пикир алмашуу, талкуу форматында өттү. Катышуучулар автордун колунан "Журналисттик иликтөө" колдонмо китебин белек катары алышты. Ошондой эле, “Илимий изилдөө усулдары" китебине кызыккандар сатып алышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Factchek.kg сайтынын башкы редактору Ярослав Тартыков “Фактчекинг жана аны иликтөөчү куралдары” деген темада лекция өтүп, студенттерди кызуу дискуссияга тартты.