Blog Image

Журналистика бөлүмүнүн башчысы Э. Сатыбекова “Орто кылымдардагы Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер” аталышындагы эл аралык ИПКга катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова Ж. Баласагын атындагы КУУ жана Алтай мамлекеттик университетинин “Чоң Алтай” илимий изилдөө борбору түрк элдеринин орто кылымдардагы тарыхына арналган “Орто кылымдардагы Евразиядагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий процесстер” аталышындагы эл аралык илимий конференцияга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Журналистика бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Сатыбекова «Көчмөн маданиятынын руху: Алтай боёктору» аталышында доклад жасады.