Blog Image

Журналистика бөлүмүнүн башчысы Э.Сатыбекова Орус дүйнөсүнүн XV юбилейлик ассамблеясына катышууда

2-5-ноябрь күндөрү Москвада Орус дүйнөсүнүн XV юбилейлик ассамблеясы өтөт. Бул форумдун ишине И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова катышууда.
Ассамблеянын негизги темасы “Мультиполярдуу дүйнөдө орус сөзүнүн миссиясы” панелдик дискуссиянын алкагында талкууланат.
Э.Сатыбекова “Чет өлкөдө журналистикага кызыгууну жана окууну кантип жогорулатуу керек?” деген темадагы тегерек столго катышып, Борбордук Азиядагы журналистиканын абалы тууралуу баяндама жасап, ошондой эле кыргыз журналистикасы тууралуу даректүү тасманы презентациялады.