Blog Image

Журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн “чыгармачылык окуу күнү” уюштурулду

25-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Мамалекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттери үчүн “чыгармачылык окуу күнү” уюштурулду. Иш-чара “Эркин Тоо” жана “Кыргыз Туусу”  газетасынын редакциясында өттү. Студенттер редакциянын газета чыгаруу ишинин уюштурулушу менен жакындан  таанышуу максатында  «Эркин Тоо» жана “Кыргыз Туусу”  газетасынын жамааты менен жолугушту. Жолугушуу учурунда медиадагы иш аракеттер жөнүндө баарлашуу болуп, студенттер кызыккан суроолорго жооп алышты. Ошондой эле, газетага жарыяланган материалдардын үстүндө иштөө, редактирлөө боюнча кенен маалымат алып, гезит чыгаруу түйшүгү көп чыгармачылык эмгекти талап кыларына күбө болушту. Жыйынтыгында гезит редакцияларына болгон  экскурссия студенттерге жакшы таасир калтырды.