Журналистика бөлүмүнүн окутуучулары “Операторлуктун негиздери” аттуу тренингге катышууда
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүнүн окутуучулары “Операторлуктун негиздери” аттуу тренингге катышууда. Тренинг УТРКнын алдындагы Республикалык окуу борборунда 13-ноябрдан баштап 17-ноябрга чейин жети облустан келген аймактык ММКлар үчүн өтүп жатат. Анда видеомонтаждын негизги эрежелери жана ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилет. Жыйынтыгында катышуучулар сертификатка ээ болушат.