Blog Image

Журналистика бөлүмүнүн студенттери УТРКнын  “Хайп шоу” программасына катышып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Хайп шоу” аттуу жаңы долбооруна катышып келишти. Анда студенттер телевидениянын ички ашканасы менен кеңири таанышып, теле берүүнүн даярдалышына күбө болушту.