Blog Image

Журналистика бөлүмүнүн студенттери "Жаштар деми" ток-шоу программасына катышып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттери Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Жаштар деми" ток-шоу программасына катышып келишти. Эфирде жаштардын күндөлүк жашоосу, социалдык абалы, коомдогу орду, жетишкендиктери, кемчиликтери, лидерлик касиеттери талкууланды. Студенттерге бул программага катышып, эфирде өз ой-пикири менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова түзүп берди.