Blog Image

“Жылдын мыкты куратору” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогикалык ишмердүүлүк процессинде куратордук ишти жакшыртуу жана активдештирүү максатында уюштурулган “Жылдын мыкты куратору” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сыйлоо аземи Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

1. Рита Сапарбекова – Э.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун ага окутуучусу, 1 – орунга ээ болуп, ноутбук жана диплом менен сыйланды.

2. Аида Нурмамбетова – Табигый илимдер жана туризм институтунун ага окутуучусу, 2 – орунга чыгып, планшет жана дипломго ээ болду.

3. Айгүл Бакманова – Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун ага окутуучусу, 3 – орунга ээ болуп, смартфон жана диплом менен сыйланды.