“Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Бүгүн, 7-октябрь кунү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы педагогикалык ыкмаларды жана технологияларды колдонуу максатында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2024” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чара Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, сынактын жыйынтыгы менен төмөнкү окутуучуларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды:
1 – орун: Жаныбекова Гүлшайыр – Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу;
2 – орун : Казакова Назгүл – Табигый илимдер жана туризм институтунун ага окутуучусу;
3 – орун: Асекова Салтанат – Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун доценти.
Сынак – билим берүү системасындагы окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды жайылтуу үчүн маанилүү платформа болуп саналат.