Blog Image

“Зомбулукка жол жок!”аталышында иш-чара

2022-12-08

Бүгүн, 8-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББФнын 1-курсунун студенттери, Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасы жана ЕККУ (ОБСЕ) менен биргеликте “Биз зомбулукка каршыбыз!”аттуу 16 күндүк акциянын алкагында “Зомбулукка жол жок!”аталышында иш-чара өткөрүштү.

Аталган иш чарага ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү Шамшыбек Мамыров,  КР ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова, факультеттин деканы Назира Курбанова, кафедра башчысы А.Жоошбекова, кафедра мүчөлөрү К.Айдаркул, Г.Алыкулова жана Г.Карыбековалар катышышты.

Иш чаранын негизги максаты – коомдогу болуп жаткан зордук зомбулукка бирге каршы туруу, токтотуу, жана студенттердин арасында да болтурбоо, алдын алуу болуп саналат.

Теманын алкагында студенттер атайын сценка коюп, комуз күүлөрүн чертип, ырларды тартуулашты. Ошондой эле, иш чара студенттердин “Биз үй-бүлөнүн бактысы үчүн” деген плакаттар көргөзмөсү менен коштолду. Бул иш чарага активдүү катышкан студенттерге атайын сертификаттар тапшырылды.

Зордук-зомбулукка каршы иш чараларды уюштуруп, түшүндүрүү, маектешүү иштерин активдүү жүргүзгөндүктөрү үчүн Кафедра башчысы А.Жоошбековага, кураторлор Г.Алыкуловага жана Г.Карыбековага  

 ЕККУнун (ОБСЕ) “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.